09:32, 16 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия шайлоо күнүнө баннерлерди басып чыгарууга тендер жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн сатып алуу порталы кабарлады.
Эске сала кетсек, шайлоо Ошто, Караколдо, Балыкчыда, Токмокто жана 25 айылдык кеңеште 12-апрелде болмок, бирок коронавирустун жайылышынан улам белгисиз бир мөөнөткө жылдырылган.
Шайлоого катышуу үчүн 22 саясий партия арыз калтырышкан, мындан тышкары, жетинчи чакырылыштагы парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген.