16:12, 15 июня 2020, Бишкек - 24.kg
2020-жылды 5 ай ичинде кирешелер 40 млрд 996 млн сом суммасына аткарылды, бул 2019-жылдагы көрсөткүчкө карата 11 млрд 199 млн сомго аз. Бул туралуу КР финансы министринин орун басары Марлен Амандыков маалымат жыйында билдирди.
«Бюджеттин дефицитин каржылоо булактары боюнча аткарылышы 23 млрд сомду түздү. Алардын ичинен 4 млрд 700 млн сом бул ички каражаттар, 18 млрд 382 млн сом тышкы булактар. Анын ичинен 17 млрд сом Эл аралык Валюта фондунан алынган насыя. Бюджеттик каражаттардын калдыгы 9 млрд 750 млн сомду түздү. Бюджеттик каражаттар 5,5 млрд сом жана атайын каражаттар 4 млрд 200 млн сом», — деп белгиледи Марлен Амандыков.