12:32, 11 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Токмок шаарында 15 жаштагы өспүрүм кыз толук курулуп бүтө элек көп кабаттуу үйлөрдүн биринен боюн таштап каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБ 24.kg агенттигине маалымдады.
«Каза болгон өспүрүмдүн атасы 7-июнда милиция кызматкерлерине кызы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин айтып, арыз менен кайрылган. Анын жансыз денесин 10-июнда табышты. Өспүрүм толук курулуп бүтө элек көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан өзүн таштаган. Окуянын чоо-жайы аныкталууда», — деп кошумчалады ИИБ.