12:31, 10 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Коомдук тамактануу тармагында иштеген ишкерлерди текшерүү санитардык-карантиндик чаралар жөнүндө өкмөттүн токтому чыкканга чейин эле башталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын ишкерлердин укугун коргоо боюнча жаңы бөлүмүнүн бет ачарында Жеткирип берүүчүлөрдүн ассоциациясынын жетекчиси Гүлнара Үскөнбаева билдирди.
Анын айтымында, көптөгөн ишкерлер айып пул жөнүндө чечим жарыяланганда гана билишкен.
Министрлер кабинетинин интеграциялык процесстер жана макроэкономика сектору боюнча башчысы Нурадил Баясов, санитардык стандарттарга ылайык жалпы талаптар мурда эле бекитилгенин айтты. Убактылуу стандарттар элге пандемия деген эмне экендигин, маска режимин жана санитардык тазалоочу каражаттарды колдонууну так түшүндүрүү үчүн киргизилген.
«Биз жарандарга коронавирустун жайылышын алдын алуу иретинде аткарылышы керек болгон минималдуу талаптар бар экендигин билдиргибиз келет. Убактылуу ченемдер кошумча катары мүнөздөлөт», — деди Нурадил Баясов.
Бирок, өкмөттүн токтому чыга электе эле айып пул салына баштагандыгы тууралуу суроого так жооп берген жок.