Хабиб менен Гэтжи 19-сентябрда беттешүүсү мүмкүн

10:42, 10 июня 2020, Бишкек - 24.kg

UFCнин жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен атаандашы Джастин Гэтжинин 19-сентябрда титулдук коргоо күрөшү өтүшү мүмкүн.

Титулдук күрөш UFC 253 негизинде өтөт.

Фото

Беттешүүнүн өткөрүлө турган жери азырынча белгисиз, бирок Лас Вегас (APEX залы) же Абу-Дабидеги Мушкерлер чөлүндө болжолдонууда.

Эске сала кетсек, буга чейин Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун да таймашы коронавирустун күч алышынан улам токтотулган. Ал эми бул жолкусунда Хабиб менен Гэтжинин беттешүүсүн күйөрмандары чыдамсыздык менен күтүшүүдө.

Эгер коронавирус кырдаалы басаңдабаса токтотулушу мүмкүн деген божомолдор бар.