11:01, 08 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Ысык-Көл облусунда 7-июнь күнү болжол менен саат 4:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт (Көк-Мойнок-1 айылы) унаа жолунун 160-чакырымында Honda Step унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып бетон менен чегерилген тосмого кептелип калган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Анын айтымында, натыйжада 39 жана 48 жаштагы эки аял көз жумду. 34 жана 19 жаштагы эки эркек киши, 18 жаштагы кыз жаракат алышкан.
Жабырлануучулар Балыкчы шаардык ооруканага жеткирилген.