12:08, 05 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Парламентте коронавирус коркунучун алдын алуу максатында эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү суранышты. Мындай сунушту депутат Адылбек Жунус уулу көтөрүп чыкты.
Ал Өрто Азияда коронавирус илдетин жуктургандардын саны боюнча Тажикстандан кийинки эле орунда Кыргызстан тураарын белгиледи.
Депутат февралдын башында Кытайга барып, пандемияны жеңүү үчүн эли кантип аракет кылып жаткандыгын көрүп, баа берген.
«Бизде коомдук транспорттордо жургунчүлөрдун көбү бет капсыз жүрүшөт. Дүкөндөргө бет капсыз киришет. Ал эми базардагы элдерден эмне учун маска тагынбай жүргөндүктөрүн сурасам, алар мага кулуп коюшту», — дейт ал.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 1 миң 936га жетти.