09:31, 02 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Тергөө кызматына 5 айдын ичинде кыйноолор боюнча 68 арыз келип түшкөн. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоочулар билдиришти.
Кылмыш-жаза кодекси боюнча кыйноолорго каршы коалициясы белгилегендей шектүүлөргө эки же үч берененин негизинде иш козголот.
Активисттер кошумчалагандай, буга чейин биринчи инстанциядагы соттор кыйноого жана катаал мамилеге айыпталган 96 адамга карата чечим чыгарган.
Ал эми «Кыйноо» беренеси боюнча 37 адам акталып, эки иш боюнча өндүрүш токтотулган.
Дагы 45 айыпталуучунун тагдыры бүдөмүк бойдон калууда: алар соттолгонбу, акталганбы же алардын иштери кошумча тергөөгө жөнөтүлгөнбү белгисиз.