17:37, 01 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү уланууда.
Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сот Марат Сыдыков, жактоочунун ишти Аламүдүн райондук сотуна өткөрүп берүү өтүнүчүнөн баш тартты.
Мындан тышкары, жактоочу Кой-Таш окуясы боюнча тергөө тобунун башчысы Эркебек Аширходжаевди да суракка чакырууну талап кылды.
«Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен Эркебек Аширходжаев, Алмазбек Атамбаевди кармоо тапшырмасында «эмне үчүн Ички иштер министрлигинин өздүк куралдуу күчтөрү турганда УКМК аралашкан, анын кандай зарылчылыгы же негизи болгон?», — деген суроого жооп бериши керек», — дейт Замир Жоошев.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев бир нече кылмыш иштери боюнча айыпталууда. Алардын ичинен бири-2019-жылдын 7-8-августундагы болуп өткөн Кой-Таш окуясы болсо, экинчиси кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошоткондугуна байланыштуу. Учурда соттук-териштирүү иштери уланууда.