13:31, 30 марта 2020, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаарынын тургундары коменданттык саат эрежелерин эң көп бузат. Бул боюнча Республикалык штабдын маалыматында белгиленет.
Өткөн суткада коменданттык саатты Бишкек шаарында 120 адам бузду.
Белгилей кетсек, аталган аймакта кечки 08.00дөн таңкы 07.00гө чейин сыртка чыгууга болбойт. Бүгүндөн тарта комендатура катаал эрежелерин киргизерин белгилейт.