09:34, 27 марта 2020, Бишкек - 24.kg
Бишкекте түнү 146 адам коменданттык саатты бузуп кармалды. Бул тууралуу комендант Алмазбек Орозалиев билдирди.
Белгилей кетсек, өзгөчө абал тартиби киргизилгенине байланыштуу Бишкекте коменданттык саат жарыяланды. Кечки 8.00дөн таңкы 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынат.
Супер маркеттер жана базарлар кечки 6.00гө чейин иштешет.