07:23
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Коронавирус коркунучу Кыргызстанды массалык түрдө бет кап тигүүгө өткөрдү

Кыргыз өкмөтү медициналык маскаларды тийиштүү лицензиясы жана мамлекеттик каттоодон жок ишканаларга өндүрүүгө жана сатууга уруксат берди. Медициналык бет кап Улуттук маанидеги медициналык дары-дармектердин катарына кирди. Ага COVID-19 вирусун Кыргызстандын аймагында жайылуусуна каршылык көрсөтүү үчүн уруксат берилгени айтылат.

Коронавирусту жуктурган адамдын өлкө аймагында катталган алгачкы учуру жарыяланышы менен бет капка жана антисептиктерге тартыштык жаралды. Өкмөттүн айтымында, коронавирус Кыргызстанга киргенче эле үч күн ичинде өлкөдөгү аптекалардан 3,5 миллион бет кап сатылган. Аларды кызылкулактар, экспортоону көздөгөн шылуундар сатып алышкан. Мындай көрүнүштү болтурбоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги аптекаларга ар бир адамга үчтөн ашык бет кап сатууга тыюу салды.

Борбор калаада дагы эле бет капка тартыштык бар, ошол эле учурда базарларда 20-25 сом го сатылууда.

Дүйнөнүн баардык өлкөлөрүндө бет капка тартыштык болгондуктан, анүстүнө чек ара жабык болгондуктан четтен импортту күтпөй Кыргызстандын ар кайсы аймактарында тигүү жанданды.

Коронавирус биринчилерден болуп Сузак районунун тургундарынан табылып, аймак карантинге алынышы менен Жалал-Абаддагы «Баяна» тигүү цехи бет кап тигүүгө өттү. Алар бир күндө 1200 даанадан беткап тигип, 19 сомдон 17-марттан тарта облустун дарыканаларын камсыздай баштады.

Айтмакчы Жалал-Абад «бет кап менен камсыздоо» акциясына жеке чеберлер дагы катышып, Тахмина Аманова аттуу дизайнер «Миллион сом ордуна миллион маска тигип берейин» деп кайрылгандарга бекер таркатууда.

Бишкек шаарында шишик илдеттери менен ооруган аялдардын коому жана балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү көп колдонуучу маскаларды тигишүүдө. 0559800579, 0703155866 номурлары аркылуу буйрутма берсе болот.

Ош шаарындагы «Дастан стиль» аттуу цех күнүнө 10 миң бет кап тигүүдө. Бул көп жолу колдонулуучу беткаптар 18 сомдон сатылууда.

Ал эми Нарын облусунун бир нече райондорунда бет кап тигүү колго алынды.

Кочкордо тигүүчү цех облусту камсыз кылууга киришсе, ага Нарын шаарындагы № 87-М. Мырзабеков атындагы кесиптик лицейде жугуштуу оорулардан коргонуучу атайын кийим-кечелер тигип кол кабыш кылууда.

Бул жумушка окуу жайдын тигүүчү адистигинин 10 мугалими тартылып, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Нарын шаардык мэриясынын, саламаттыкты сактоо мекемелеринин буйрутмасы менен 19-марттан бери 600 беткап жана 800 даана коргонуучу кийимдерди тигип чыгарышкан.

Ал арада Жумгал районунун Чаек айылындагы 12 жаштагы Айпери Жумакадырова деген окуучу кыз миңге жакын беткапты тигип, айылдаштарына бекер таркатты.

Ат-Башынын мектеп мугалимдери дагы карап олтурбай, кол эмгек сабагынын адистери чеберчилигин көрсөтүп, өлкөнүн импорттон көз карандысыздыгын камсыз кылуу аракетинде.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык мэриясы жергиликтуу тигуу цехтери менен биргеликте беткаптарды тигууну баштады. Шаар мэри Эрмекбай Топчубаевдин айтымында шаардагы Динамо тигуу цехи менен түзүлгөн келишимге ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражат ажыратылып, 6000 беткап даярдалууда. Ал беткаптар саламаттыкты сактоо мекемелерине жана санитардык карантиндик постторунда турган кызматкерлерге берилет.Андан сырткары даярдалган беткаптар жергиликтүү дарыканаларда арзан баада сатылат.

Андан тышкары, Лейлек районун Кулунду айыл аймагындагы лицей дагы бет кап тигип, районду камсыздоону колго алды.

Эң көп окулган жаңылыктар