Бүгүн өлкөдө коронавирусту жугузгандардын жаңы учурлары катталган жок

09:44, 26 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Бүгүн өлкөдө коронавирусту жугузгандардын жаңы учурлары катталган жок. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.

Өлкөдө жуктургандардын саны — 44. Ош облусунда — 20, Жалал-Абад облусунда — 19, Бишкек шаарында — 3, Чүй облусунда — 1, Баткен облусунда — 1.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда алгачкылардан болуп коронавирус умрага барып келген Сузактын үч жаранынан ырасталды. Алардын бири үй карантининде олтурганына карабай, той өткөргөн.

Андан кийин Ноокаттан умрага барып келген үч аялдан жана Баткен облусунун бир тургунунан илдет табылды. Алар менен чогуу учуп келген жарандар карантинге алынды.