17:32, 25 марта 2020, Бишкек - 24.kg
Өзгөчө абал киргизилген аймакта дарыгерлердин кыймылы чектелбейт. Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаарынын коммендантынын орун басары Азизбек Алымкулов билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарындагы мамлекеттик жана менчик ооруканалардын баары иштейт.
Дарыгерлер менен бирге журналисттер дагы өзгөчө абалга карабай кеңири иш алып бара алышат.
«Мен Бишкек шаарынын коменданты катары журналисттер үчүн эч кандай чектөө коюлбайт деп айта алам. Бирок аккредитация маселеси боюнча республикалык штаб менен сүйлөшүп, мыйзамдын чегинде эрежелерди иштеп чыгабыз. Жакында бул маселе боюнча так жооп беребиз», — деп жооп берди Алмазбек Орозалиев.