14:56, 19 марта 2020, Бишкек - 24.kg
Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги учурда бет кап тигип жаткан ишканалардын бири менен келишим түздү. Келишимдин негизинде коомдук транспорттордун айдоочуларына көп жолу колдонулчу бет каптар таратылат. Бул туралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы билдирди.
Шаардын вице-мэри Асылбек Топчубаев эл ташыган каттамдардын тазалыгы вирусту алдын алууга жана аны жайылтпоого өбөлгө түзөөрүн белгиледи.
Эске сала кетсек, Ош шаарында бир күндө 10 миңге жакын бет кап өндүрүүчү ишкана иштеп баштаган.