13:20, 18 марта 2020, Бишкек - 24.kg
Туристтик сапар менен чет өлкөдө жүргөн 200дөй жаран Кыргызстанга кайтып келе албай жатышат. Бул тууралуу бүгүн консулдук кызмат департаментинин орун баасры Муса Көчөрбаев маалымат жыйында маалымдады.
«Жарандардын келиш акысын төлөө келишими менен алдырып алууга мүмкүнчүлүктөр каралып жатат. Менчик туркомпаниялар бул маселе боюнча кайрылышууда, алар дагы көмөк көрсөтүүгө даяр. Туристтердин коопсуздугу боюнча келишимге кол коюлган. Биздин жарандар Гоа, Шри-Ланка жана башка өлкөлөрдөн келе алышпайт. Алар ал жака Казакстан коронавирусту алдын алуу ирээтинде өзгөчө тартибин киргизгенге чейин кетишкен», — дейт Муса Көчөрбаев.