Кыргызстанда кинотеатрлар, түнкү клубдар, компьютер залдары жабылды

15:03, 17 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргыз өкмөтүндө коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны өтүп, өлкөдөгү түнкү клубдарды, кинотеатрларды, компьютер залдарын, соода борборлорундагы балдар үчүн оюн-зоок аянтчаларын жана тамактануучу жайларды жабуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Жыйында ошондой эле өпкөнү сезгентүүчү вирустун жайылышына бөгөт коюу үчүн жарандарга эл көп чогулган жерге барбоо, ата-энелерге балдарын үйдө кармоо сунушталды.

Санитардык чараларды күчөтүү, массалык иш-чараларды уюштурбоо сунуштары коомдук тамактануучу жана башка кызмат көрсөтүүчү жайларга берилди.

16-мартка карата Кыргызстан аймагында коронавирус катталган учур жок. Учурда 341 адам карантинде кармалып турат.