Diamond Princess лайнериндеги кыргыз жаранынан коронавирус аныкталган жок

16:52, 02 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Diamond Princess лайнериндеги кыргыз жаранынын анализи таза чыкты. Бул тууралуу 2-мартта кыргыз өкмөтүндө өткөн жыйында Тышкы иштер министрлигинин өкүлү билдирди.

Кемедеги кыргызстандыктан экинчи жолу анализ алганда, анда коронавирус жок экени аныкталды. Мекендешибиз ооруканадан чыкты, ал азыр Токио шаарында.

Ал буга чейин берген маегинде Кыргызстанга азырынча кайтып келбестигин айткан.