Коронавирус. Жеки Чан карантинге жаткырылды

14:27, 27 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Белгилүү актер Жеки Чан коронавирусту жуктуруп алуу шеги менен ооруканага жаткарылды. Бул тууралуу эл аралык ЖМК маалымдайт.

Актер катышкан иш-чаранын бириндеги полиция кызматкеринен коронавирус аныкталды. Мындан улам Жеки Чан дагы текшерүүгө жатты.

Актердун расмий сайтында жана социалдык тармактагы баракчаларында бул тууралуу маалыматтар жок. 

Буга чейин Жеки Чан коронавируска каршы дары тапкан адамга 1 миллион юань ($143 миң) төлөп берерин жарыялаган.