17:52
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жеки Чан коронавируска каршы дары тапкан адамга 1 миллион юань төлөп берет

Белгилүү актер Жеки Чан коронавируска каршы дары тапкан адамга 1 миллион юань ($143 миң) төлөп берет. Бул тууралуу ал Weibo социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Актер Кытайга медициналык беткап, коргоочу кийим жөнөтүүдө. Андан сырткары, коронавирустун алдын-алуу жолдорун жайылтуу аракетинде.

«Менин өлкөмө оор болду. Мен азырынча колумдан келген аракетти жасап жатам. Мен баарына даярмын. Тез арада дартка каршы дары иштелип чыгарына ишенем», — дейт Жеки Чан.

Актер дарысын тапкан адамга 1 миллион юань сыйлык берүүгө даяр.

«Мени туура түшүнсөңөр. Бул акча албетте аз. Бирок, мен бош калган көчөлөрдү эмес, өнүккөн шаарларды, капа болгон адамдарды эмес, жашоого машырканып жашап, алдыга кадам таштаган мекендештеримди көргүм келет» — дейт Жеки Чан.

Эң көп окулган жаңылыктар