Валентина Шевченко шотландиялык мушкер Жоанн Кальдервуд менен мушташат

12:09, 20 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

UFCнин жеңил салмактагы абсолюттук чемпиону Валентина Шевченконун кийинки атаандашы белгилүү болду. Бул тууралуу спорт басылмалары жазды.

Кыргызстандык мушкер июнь айында Джоанн Кальдервуд менен беттешет.

Эске салсак, 9-февраль күнү Хьюстон шаарындагы беттеште Валентина Шевченко атаандашы америкалык Кэтлин Чукагянды техникалык нокаут менен жеңип алды. Ал аны менен чемпиондук курун үчүнчү жолу коргоду.