Блогер Элмир Сыдыманов аймактык кастыкты козгоо шеги менен эки айга камалды

09:50, 19 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Аймактык бөлүп-жаруу маселесин козгогон блогер Sydyman эки айга камалды.

Элмир Сыдыманов инстаграм баракчасы аркылуу түндүк-түштүк маселесин козгоп, Ош облусунун жашоочуларуна акараат келтирген сөздөрдү айткан. Анын сөзүнө сындар айтылып, шоу-бизнес жылдыздары жана белгилүү инсандар ынтымакта болууга чакырышкан.

Элмир Сыдыманов кечирим сурап, сөзү өзүнүн хейтерлерине гана багытталганын айткан.

Укук коргоо органдары тарабынан ага «аймактык кастыкты козгоо» айыбы тагылууда.