Россия Кыргызстанга коронавирусту аныктоочу жабдуу берет

14:19, 03 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Россиянын Кардарлардын укуктарын коргоо жана жарандардын бакубаттыгын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнө коронавирусту аныктоо үчүн атайын жабдуу берет. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, 1-2-февраль күндөрү Арменияга, Казакстанга, Беларусияга жана Өзбекстанга вирустун инфекциясын аныктоо үчүн россиялык тест-системалар берилген. Жакында Кыргызстан менен Тажикстанга жеткирүү күтүлүүдө.

Эске салсак, эпидемия декабрдын аягында Кытайдын Ухань шаарында башталган. Көптөгөн өлкөлөр бул шаардагы жарандарын чыгарып кетип, кытай туристтерине виза берүүнү убактылуу токтотушту.