Жаңы вирус. Шаардан казакстандык студенттердин чыгып кетишине уруксат берилбеди

09:11, 28 января 2020, Бишкек - 24.kg

Казакстан коронавирус тараган Ухань шаарындагы казак жарандарын мекенине кайтаруу маселесин кароодо. Бирок кытай бийлиги аларды алып кетүүгө уруксат бере элек. Бул тууралуу 27-январда Казакстан ТИМинин расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирди.

«Кытай тарап бир дагы өлкөгө мындай уруксат бере элек, шаар карантинге жабылган», — деди Смадияров.

Уханда 230 казакстандык студент окуйт.

Кытай бийлиги оору күчөп баратканына тынчсызданууда. Маалыматтарга караганда, өпкөнү сезгентүүчү вирус тездик менен жайылып, Кытайдын өзүндө эле 2 миң 300дөй киши ооруга чалдыкты. Өлгөн адамдардын саны 80ге жетти.

Эске салсак, Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жолугушуп, жаңы типтеги коронавирус тарап жатканына байланыштуу маалыматтарды ыкчам алмашып турууну макулдашкан.

Ухань шаарында Кыргызстандын 15 жараны бар. Алардын 14ү студенттер жана бирөө жеке ишкер.