11:17, 27 января 2020, Бишкек - 24.kg
Коронавирустун эпицентри болгон Ухань шаарында 50 кыргызстандык жашайт. Бул тууралуу бүгүн 27-январда Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев өкмөттүн жыйынында билдирди.
ТИМдин маалыматында, Уханда жашаган кыргыздардын көпчүлүгү студент болгондуктан, алар Кытайдагы жаңы-жылдык эс алуу учурунда Кыргызстанга кайтып, же Кытайдын башка региондоруна кетишкен. Учурда аталган шаарда 14 студент жана 1 бизнесмен бар. Алардын баарынын саламаттыгы жакшы.
«Кыргыздандын жарандары өз калоосу менен Кытайдан учуп кетүү мүмкүнчүлүгү бар», — дейт Нуран Ниязалиев.
Министирдин орун басарын ММКны жана жарандарды жалган маалымат таратуудан баш тартуусун суранды.
Эскерте кетсек, Кытай боюнча коронавирус жайылууда. 26-январга карата дүйнө жүзүндө 2 миңден ашуун киши бул вирусту жуктуруп алышкан. Кытайда каза болгондордун саны 80ге жетти.