Жемкорлук менен алектенген кызматкерлердин жетекчилери да жоопко тартылышы керек

10:28, 24 января 2020, Бишкек - 24.kg

Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президенттин төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин отуруму өтүүдө.

Талкууга коюлган негизги тема — жемкорлук менен күрөшүүнүн жыйынтыгы.

«Коопсуздук кеңешинин 2019-жылдын 14-январындагы чечими тоо-кен байлыктарын пайдалануу тармагындагы маселелерди жок кылууга багытталган», — деди президент. Ал лицензиялаштыруу системасында жемкорлукту тамырынан берүү жоготууга өзгөчө көңүл бурулганын кошумчалады.

Сооронбай Жээнбековдун айтымында, кен чыгуучу жайларда тиешелүү ишмердүүлүгү жок лицензияларды кайра сатууну жок кылуу боюнча чаралар сунушталган.

Ар бир жетекчи кол алдындагы кызматкер эмне менен алектенип жатканын билиши керек. Жемкорлук менен алектенген же пара алган кызматкерлердин жетекчилери дагы жоопко тартылышы керек.

Сооронбай Жээнбеков