Кытайдын Гигиена жана саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисинин орун басары Ли Бин 22-январда соңку маалыматтарды айтып, каза болгондордун саны тогуз, ооруну жугузуп алгандар 440 киши экенин расмий билдирди.
10:05, 24 января 2020, Бишкек - 24.kg
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жолугушуп, жаңы типтеги коронавирус тарап жатканына байланыштуу маалыматтарды ыкчам алмашып турууну макулдашты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Жолугушуу элчинин демилгеси менен өттү. Ал Кытай өкмөтү оорунун жайылып кетпеши үчүн болгон чараларды көрүп жатканын айтып, аталган вирус менен күрөшүүдө Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана коңшу өлкөлөр менен тыгыз байланышта болуп жатканын баса белгиледи.
Элчинын айтымында, Кытайга виза берүү чектелген жок.