Мурунку мэрлердин соту. Жактоочулар Ленин райондук сотунун өкүмүнө даттанышты

16:55, 22 января 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкектин мурунку мэрлеринин коргоочулары Ленин райондук сотунун өкүмүнө даттанышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мурунку мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

«Коргоонун негизги аргументи- мурунку мэрлердин күнөөсүз экендигинде. Далилдөөчү база жок болуп жатат. Экспертизага колдонулган мектепке байланышкан эпизоддун бир бөлүгү — процессуалдык жана кесиптик жол менен алынган эмес», — деди ал.

Эске салсак, Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом айып салынып, залдан бошотулду.