«Биз кесиптештерибиз менен журналисттик иликтөө жасоону чечтик. Буга байланыштуу мен окуяны көргөн жергиликтүү тургундардан, ошол жерде жайгашкан жана видеокөзөмөл камералары бар уюмдардан жардам сурайм. Тергөөгө жардам бере турган видеожазуулары болсо, берүүнү сурайм. Бул кол салуу мага гана болгон жок, башка журналисттерди дагы коркутуу үчүн жасалды», — деди Болот Темиров.
Эске салсак, Бишкекте Factcheck сайтынын башкы редактору Болот Темировго 3 белгисиз жаран кол салып, ур-тепкиге алышкан. Алар журналисттин уюлдук телефонун алып качып кетишкен.
Дарыгерлердин айтымында, Болот Темировдун баш мээси чайкалып, жаракат алган.