«Ата Мекен» партиясындагы жаңжал. Шыкмаматов Айсулуу Мамашовага болуша кетти

10:27, 31 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

«Ата Мекен» партиясында жаңжал уланууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине парламенттик фракциядан билдиришти.

Күн мурун айрым депутаттар Айсулуу Мамашованы лидер кылып дайындоодо регламенттин бузулганын айтып чыгышкан. Фракциянын жаңы башчысынын мыйзамдуулугу тууралуу маселени депутат Сайдулла Нышанов көтөрүп чыккан. Ал лидердик кызматты ээлей алган жок, себеби Садык Шер-Нияз менен ал экөө бирдей добуш алып калышты.

Фракциянын мурунку лидери Алмамбет Шыкмаматов Айсулуу Мамашовага болуша кетти. «Жогорку Кеңеште фракциянын жаңы лидерин тандоодо, депутаттар шайлоону партиянын кеңсесинде, Өмүрбек Текебаевдин катышуусунда өткөрүүнү мен талап кылгам. Айсулуу Мамашова абдан жоопкерчиликтүү, сабаттуу, акылдуу инсан. Ал көптөгөн социалдык долбоорлордун автору. Анын тегерегинде болуп жаткан кептерди талкууга алып да болбойт», — деди Алмамбет Шыкмаматов.

Эске салсак, «Ата Мекен» фракциясында күтүүсүз бурулуш болду. Алмамбет Шыкмаматов бүгүн мандатын тапшырып, партиянын курамынан чыга турганын билдирди. Ал Өмүрбек Текебаев мандатынан ажыратылып, «Жемкорлук» беренеси боюнча айыпталгандан кийин, аталган партиянын лидери болуп турган.