00:34
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

«Ата Мекен» фракциясынын лидери болуп Айсулуу Мамашова шайланды

«Ата Мекен» фракциясынын депутаттары лидерди шайлашты. Парламенттик бирикменин башчысы Айсулуу Мамашова болду.

Ал журналисттерге мындайды күтпөгөнүн, мындан улам шок абалында экенин айтты.

Садык Шер-Нияз менен Сайдулла Нышанов экөө тең бештен добуш алышты.

Садык Шер-Нияздын айтымында, өзү дагы, Сайдулла Нышанов дагы мындан ары фракциянын жетекчилик кызматына талапкер боло алышпайт. «Жаштар аракет кылып көрүшсүн. 5 партиялашыбыздын курамдан чыгышы, партия жаңыланууга муктаж экенинен кабар берип турат», — деди Садык Шер-Нияз.

Эске салсак, «Ата Мекен» фракциясында күтүүсүз бурулуш болду. Алмамбет Шыкмаматов бүгүн мандатын тапшырып, партиянын курамынан чыга турганын билдирди. Ал Өмүрбек Текебаев мандатынан ажыратылып, «Жемкорлук» беренеси боюнча айыпталгандан кийин, аталган партиянын лидери болуп турган.