11:43, 26 декабря 2019, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаардык соту Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын карап чыкты. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.
Анын айтымында, соттук коллегия биринчи инстанция чыгарган мурунку депутатты Бишкектеги № 1 тергөө абагында калтыруу тууралуу чечимин күчүндө калтырды.
«Сот биздин далилдерди эске албай, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Биз бул токтомду мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейбиз. Равшан Жээнбеков өзү Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн комиссиянын корутундусунда анын сөзүн бурмалап коюшкан деп божомолдоодо. Мындан тышкары комиссия саясий тапшырыкты аткарды деп эсептейт», — деди Замир Жоошев.