Президент ЖЕЭКтин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербургга келди

14:18, 20 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына учуп келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы ЖЕЭКтин чакан жана кеңири курамдагы жыйындарына катышат.

Мындан тышкары КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.