Батукаевдин иши. Марат Бекенов үй камагына чыгарылды

09:31, 19 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Өкмөттүн аппаратынын коопсуздук, укук тартиби жана коргонуу бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Марат Бекенов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Марат Бекенов тергөө менен байланышууга макулдугун берди. Мындан улам анын баш коргоо чарасы өзгөртүлдү.

Эске салсак, Марат Бекенов мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча өтүүдө. Ал жемкорлукка катыштышы бар делип, июнда кармалган болчу.

Иш боюнча 19 киши айыпталууда, алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар.