Асел Кодуранованын жактоочусун Аскер прокуратурасына сурак берүүгө чакырышты

15:39, 18 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Депутат Асел Кодуранованын жактоочусу Бакытбек Автандил уулун Аскер прокуратурасына сурак берүүгө чакырышты. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, көзөмөл органынын чакыруусун кечээ жактоочунун жакындарынан берип жиберишкен.

Юрист документте бузуулар бар экенин айтты. Пикиринде, кайсыл тергөөчүгө жана ким катары суракка чакырылганы баса көрсөтүлгөн эмес. 

Фото

«Чакырууда мени жактоочу менен келүүгө укуктуу болгонумду айтышкан эмес. Ошондой эле келе албай турганымды билдирүү үчүн кандайдыр бир даректер жана телефон номурлары көрсөтүлбөптүр. Муну менен катар кайсыл маселе боюнча чакыртышканы да жазылган эмес», — деди жактоочу.

Ал буга чейин пландап койгон иштин айынан суракка бара албай тургандыгын кошумчалады.

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевди дагы Аскер прокуратурасына чакыртышкан.

Асел Кодуранова «Альфа» атайын кызматынын кызматкерлерин барымтага алуу фактысы боюнча шектелүүдө. Учурда ал үй камагында.