10:27
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевди Аскер прокуратурасына чакырышты

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевди Аскер прокуратурасына чакырышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өзү билдирди. 

Анын айтымында, көзөмөл органына чакыруу бүгүн келди, бирок ал бара албайт.

«Мени саат 17:00гө чакырышты, бирок саат 16:00дө Равшан Жээнбековдун иши боюнча ИИМде тергөө аракеттерине катышышым керек. Чакыруу туура эмес толтурулган. Тергөөчүлөр кайсыл маселе боюнча, ким катары жана кайсыл тергөөчүгө барыш керектигин баса көрсөтүшкөн эмес. Документке тергөө тобунун жетекчиси кол койгон. Мындан тышкары чакыруу кагазына байланыш телефонун жазышкан эмес, мен аларга бара албай турганымды айтышым керек эле. Жактоочу кандайдыр бир иштин күбөсү болуп калганда суракка алынат. Мен кызыкчылыктарын коргогон инсандардын маселелери боюнча суралбашым керек», — деди Замир Жоошев.

Эске салсак, кечээ мурунку депутат Равшан Жээнбеков сурактан кийин кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар