Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жергиликтүү кеңештин депутаты жаракат алды

13:35, 18 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жергиликтүү кеңештин депутаты жаракат алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.

Маалыматка караганда, 28 жаштагы Аман Абдилаким уулу — Самаркандек айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты. Ал сол колунан жарадар болду.

Эске салсак, окуя бүгүн саат 9да Көк-Таш айылында башталган. Жергиликтүү тургундар бири-бирине таш ыргытышкан. Бир аз тыным алгандан кийин жаңжал кайра уланды.

Ички аскер кызматынын бир жоокерине жана дагы бир кишиге ок жаңылганы айтылууда. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр убактылуу токтотулду.