11:10, 16 декабря 2019, Бишкек - 24.kg
КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаеваны ИИМдин тергөө кызматы кайрадан суракка чакырышты. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.
Айтымында, сурак Кой-Таш окуясын иликтөө иштерине байланыштуу.
Эске салсак, Кундуз Жолдубаева Кой-Таш окуясы боюнча күбө катары өтүүдө.
Өткөн жумада ал ИИМде 6 саатка жакын сурак берген.