Аида Касымалиева: Банктык эсепти камакка алууда логика, адилеттүүлүк жок

11:44, 13 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Банктагы эсептердин камакка алынышы басылмаларга жана алардын кызматкерлерине карата басым көрсөтүү болуп саналат. Мындай чечим жок кылынышы керек. Бул тууралуу вице-спикер Аида Касымалиева бир тууган Матраимовдордун 24.kg, Kloop жана «Азаттыкка» карата доо арызы тууралуу пикирин айтып жатып билдирди.

«Киши соттошо алат, бул анын укугу. Муну менен катар тараптар сотко адилеттүүлүк издеп кайрылышат. Эсепти камакка алууда медиаэксперттер айткандай логика, адилеттүүлүк жок», — деди Аида Касымалиева.

Вице-спикер кошумчалагандай, ал эч качан ЖМКны анын намысына, кадыр баркына шек келтирсе, өзү тууралуу жалган маалымат жазса дагы сотко бербейт.

«Сапаттуу журналистиканы өнүктүрүп, медиасабаттуулукту тарбияласак, жеңил желпи басылмалар өзүнөн өзү эле жок болот», — дейт ал.

Белгилей кетсек, буга чейин «Азаттык» жана Kloop сайты «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн жарыялаган. Аны 24.kg шилтеме берип жазып чыккан.