Ок атышуу. Шектүүлөрдү кармоого «Коопсуз шаардын» камералары жардам берди

11:11, 10 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги ок атышуунун катышуучуларын кармоого «Коопсуз шаардын» камералары жардам берди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ болжол менен саат 19:35те Гагарин менен Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде кара түстүү унаанын ичиндеги белгисиз бирөөлөр «Тойота-Авенсис» унаасына карай ок чыгарышкан. Андан кийин «Тойота-Авенсис» унаасы жол кыймылынын эрежесин бузуп, ок аткандардын унаасынын изине түшүшкөн.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Аталган окуяга шектүү катары Токтогул районунун 2 тургуну кармалды. Алардын жанынан Макаров үлгүсүндөгү тапанча табылды.