10:22, 10 декабря 2019, Бишкек - 24.kg
Бишкекте ок атышууга катыштыгы барлар кармалды. Бул тууралуу журналисттерге ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен жаштар арасында пикир келишпестик жаралган.
«1995-жылы туулган 2 жигит кармалды. Алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кол салышкан», — деди министр.
Эске салсак, кечээ Бишкекте ок атышуу болгону кабарланган.