ЖЭБ боюнча сот. Исаков макулдашуунун түп тамырынан бери жок кылынышы тууралуу

11:48, 06 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иши каралып жатат. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Тараптардын жарыш сөзү аяктап, пикирлерге өттү. 

Экс-премьер-министр Сапар Исаков ушундай эле макулдашуулар башка долбоорлор боюнча да жүргүзүлгөн: ЖЭБди модернизациялоодон мурда ишке ашырылган түндүк-түштүк жолунун курулушу, электр өткөргүч линиялары. «Биз аларды кайда алып барабыз?» , - деди ал.

Сапар Исаковдун айтымында, түндүк аймакта кошумча станцияны ишке киргизүү тууралуу курч маселе турат. Анын пикиринде, эң мыкты вариант- ЖЭБди модернизациялоону акырына чыгаруу керек. Анткени Кыргызстанда төмөнкү баалардан улам эч ким ГЭС кургусу келбейт.

«2013-жылы кол коюлган келишимдин негизин азыр жок кылып жатсак, эми өлкө модернизациялоого кантип насыя ала алат? Биз макулдашууну түп тамырынан бери жок кылып жатабыз, мени уксаңыздар» — деди мурунку өкмөт башчы.

Судья айыпталуучунун сөзүн бөлүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй пикирин айтууну суранды.

УКМКнын тергөө абагында мурунку премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев, депутат Осмонбек Артыкбаев, энерготармактын топ-менеджерлери Салайдин Авазов жана Айбек Калиев кармалууда. Үй камагында Каржы министрлигинин мурунку башчысы Ольга Лаврова бар. Алардын баары «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Жемкорлук» беренелери боюнча айыпталууда.