Блогер Афтандил Жоробеков үй камагына чыгарылды

09:10, 06 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Блогер Афтандил Жоробеков үй камагына чыгарылды. Биринчи май райондук соту кечээ ушундай чечим кабыл алды. 

Фото

Блогер тергөө менен байланышууга макулдугун берди деген кепти төгүндөдү. 

Эске салсак, Афтандил Жоробековду 24-ноябрда кармашкан, сот аны 2 айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Ага аймактар аралык кастыкты козутуу айыбы тагылган.

Социалдык тармакта «Мен/Биз Афтандил Жоробеков» флешмобу өткөн.

Эске салсак, Афтандил Жоробековду УКМК «Аймак аралык касташууну козутту» деген шек менен 24-ноябрда кармаган.

Блогердин бир тууган карындашы Чынара Темирова дагы буга чейин агасынын кармалышын сөз эркиндигине басым деп баалап, кайрылуу тараткан болчу.