Жолугушуудан соң эки президент сүйлөшүүнүн жыйынтыгы жөнүндө журналисттерге маалымат беришти.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков акыркы жолугушуунун жыйынтыгына канааттанганын, бул жаатта кызматташтыкты тереңдетүүгө бардык аракеттер көрүлөрүн билдирди.
«Биздин өлкөлөр ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү көбөйгөнүн канааттануу менен белгиледик. Былтыркы жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч быйыл 10,5 пайызга жогорулады. Кыргызстанда биргелешкен кыргыз-казак ишканаларынын саны 1 миң 900гө жеткени экономика багытында дагы жаңы ийгиликтерге негиз түзөт. Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Негизги документтердин бири — Кыргызстандын жана Казакстандын ортосунда үч жылдык Кызматташтык боюнча комплекстүү программа. Аталган программа эки тараптуу кызматташтыктын бардык чөйрөлөрүн камтыйт. Жалпысынан кыргыз тарап сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына ыраазы экенин жана өз ара аракеттенүүбүз жемиштүү уланып жатканын өзгөчө белгилейм», — деди ал.
Президент айтып жаткан меморандум, келишимдер арасында инвестицияны тартуу, экономикалык кылмыштарга каршы күрөш, миграция, саламаттык сактоо жана эки өлкө ортосундагы «Актилек» жана «Кара-Суу» өткөрмө бекеттерине жакын көпүрө куруу сыяктуу тогуз документке кол коюлду.
Журналисттердин алдында сөз сүйлөгөн Касым-Жомарт Токаев жолугушуунун жүрүшү тууралуу кеңири маалымат берди. Токаевдин айтымында, соода-экономикалык алака жана чек ара тоскоолдуктарын азайтуу жөнүндө макулдашуулар болгон. Токаев 2015-2018-жылдары эки өлкөнүн ортосундагы соода алакасы 30 пайызга өсүп, 900 миллион долларды түзгөнүн айтты.
Казак президенти эки өлкө ортосундагы маанилүү суу ирригациялык жааттагы абалга токтолуп, «Борбор Азияда суу ресурстары — жалпы байлык» деп атады. Ал бул жаатта суу ресурстарын биргеликте колдонууну улантуу зарылдыгын белгиледи.
Борбор Азиядагы дарыянын жогору жагында орун алган Кыргызстан менен Тажикстан жана дарыянын төмөн жагында жайгашкан Казакстан менен Өзбекстандын суу ресурстарын колдонуу боюнча позицияларында айырмачылыктар бар.
Тоолуу эки өлкө сууну товар катары кароо зарылдыгын айтып келсе, Казакстан менен Өзбекстан суу ресурстарын жалпы байлык катары сыпаттап келет. Ошондуктан эксперттер Касым-Жомарт Токаев сапарында суу ресурстарына басым жасаганын күтүлгөн кадам катары белгилеп жатышат.