07:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

ЖККУ саммити. 260тан ашуун журналист аккредитациядан өтүшкөн

Бишкекте Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги саммити өтүп жатат. Бул жылы Кыргызстан төрагалык кылууда.

Саммитти чагылдыруу үчүн 130 жергиликтүү журналист жана 135 чет элдик ЖМКнын өкүлдөрү аккредитациядан өтүшкөн. 

Мамлекет башчыларынын отуруму тар жана кеңири курамда өтөт.

Эске салсак, кечээ Кыргызстанга Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги саммитине катышуу үчүн Беларус менен Тажикстандын президенттери, Армениянын премьер-министри келген. Аларды өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алган. Ага чейин Бишкекке Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев учуп келген.

Эң көп окулган жаңылыктар