Сооронбай Жээнбеков менен Касым-Жомарт Токаев «Ата-Бейит» комплексине барышты

15:29, 27 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Касым-Жомарт Токаев «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун элесине аналган Мемориалга жана жазуучу Чынгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюшту. Арбактарга багышталып, куран окулду.

Эске салсак, Казакстан президенти бүгүн мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди.