Садыр Жапаров ырайым сурап президентке кайрылды

13:33, 18 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров ырайым сурап президентке кайрылды. Маалыматты 24.kg агенттигине анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов ырастады.

Анын айтымында, Садыр Жапаров туугандарынын өтүнүчү менен ырайым сурады.

«Кайрылуу 16-октябрда жолдонгон. Ал эч бир күнөөсү жоктугун, ата-энесин, уулун жоготконун айтып, бошотууну суранган. Азырынча жооп жок», — дейт жактоочусу.

Эске салсак, 16-июлда Аламүдүн райондук соту саясатчы Садыр Жапаровдун мунапыска байланыштуу түрмөдөгү жаза мөөнөтүн кыскартуу боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын сунушун кабыл алган эмес. ЖАМК Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-сентябрында бүтөрүн, ага мунапыс берилсе абактагы мөөнөтүн 2023-жылга чейин кыскартууга болорун билдирген.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.