10:48, 13 ноября 2019, Бишкек - 24.kg
Бишкектин «Ынтымак» калктуу конушунда күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз сатып жаткан жай аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, уруксат документи жок 2 тоннадан ашуун дизелдик отун табылды.
Буга чейин Чүй облусуна караштуу Маевка айылында мыйзамсыз иштеп жаткан май куючу жай аныкталган.