«Биздин компания ири ишканаларга электр энергиясын ташып келүү менен гана алектенет. Эч убакта тендерлерге катышкан эмес, мамлекеттик иштерге аралашпай, саясий партияларды, кыймылдарды же талапкерлерди каржылаган эмес», — деп билдирди ишкер.
Сейит Атамбаев президент Сооронбай Жээнбеков күч органдарына «ишкерлерге бут тосууну токтотуш керек» деген талап койгону менен иш жүзүндө тескери саясат жүрүп жатканын кошумчалады.
Эске салсак, кечээ Сейит Атамбаевге таандык «Автомаш-Энерго» ишканасында тинтүү жүрдү.