11:51, 31 октября 2019, Бишкек - 24.kg
Депутат Махабат Мавлянова кесиптештерине 7-августта Кой-Таш окуясында каза болгон «Альфа» атайын бөлүмчөсүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбековдун үй-бүлөсүнө каржылык жардам көрсөтүүнү сунуштады.
Анын айтымында, үй-бүлө акчага муктаж. «Каза болгон жоокердин туугандары күнөөлүүнү жазалоону талап кылышууда. Атамбаев мурунку президент болобу же же башка болобу, бирок үйүнө ок атуучу курал кармаганы мыйзамсыз», — деди депутат.
Эске салсак, мурунку президенттин Кой-Таштагы үйүн басып алууда УКМКнын «Альфа» атайын бөлүмчөсүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков каза тапкан.